Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев иш сапар менен Казакстанга барат

Бүгүн, 2014-жылдын 26-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу боюнча Алматы шаарына иш сапар менен барат.

Иш сапардын жүрүшүндө Президент Алмазбек Атамбаев Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушат.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кыргыз-казакcтан кызматташуусунун актуалдуу маселелери талкууланат.

2014-жыл 26-март