Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев ФИФАнын жетекчиси Йозеф Блаттерди кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 25-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Футболдук ассоциациялардын эл аралык федерациясынын (ФИФА) жетекчиси Йозеф Блаттерди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы ФИФАнын президенти менен Кыргызстанда футболду өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Президент Алмазбек Атамбаев Футболдук ассоциациялардын эл аралык федерациясынын жүргүзүп жаткан иштеринин маанисин белгилеп, Йозеф Блаттерге кыргыз футболун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы өлкөдө номур биринчи спорт болуп эсептелген футболго кыргызстандыктардын кызыгуусу өсүп жаткандыгын, элдин башын бириктирүүдөгү анын ролун белгиледи. “Футбол элди бириктирет, алар өңүнө карап, кара көз, көк көз деп бөлүнбөйт”,- деди Президент.

Алмазбек Атамбаев менен Йозеф Блаттер Кыргызстан менен ФИФАнын ортосундагы кызматташууну мында ары жигердүү өнүгөөрүнө, ошондой эле пландаштырылган  бардык долбоорлор өз мөөнөтүндө ишке ашырылаарына ишенимин билдиришти.

Жолугушууга ФИФАнын улуттук ассоциациялар жана өнүктүрүү боюнча департаментинин директору Тиерри Регенасс, ФИФАнын Европа өлкөлөрү боюнча өнүктүрүү департаментинин менеджери Ева Паскье менен  ФИФАнын медиа-офицери Дэвид Ноэми дагы катышышты.

2014-жыл 25-март