Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин 2005-жылдын 24-мартынын жылдыгына байланыштуу кайрылуусу

Кайрылуунун тексти:

“Урматтуу мекендештер!

Тогуз жыл мурда, 2005-жылдын 24-мартында Кыргызстандын эли көтөрүлүшкө чыккан. Адилетсиздикке жана уурулукка, мыйзамсыздыкка жана зомбулукка каршы көтөрүлгөн. Жогорку Кеңешке шайлоо учурундагы одоно мыйзам бузуулар, ыплас аракеттер элдин кыжырын келтирип, чечкиндүү кадамга барууга мажбур кылган.

Ал күндөрдө ар бирибиздин жүрөгүбүздө чоң үмүт жаралган. Жамандыктын бардыгы артта калды, мындан ары Кыргызстанда үй-бүлөлүк-кландык башкаруу кайталанбайт деп үмүттөндүк. Тилекке каршы, көп узабай элдин үмүтү акталбай калгандыгы анык болду. Элдин жеңиши уурдалды. Бир жексур режим экинчиси менен алмашылып гана калды. Эгерде элдин кызыкчылыгына чыккынчылык жасалбаганда  Кыргызстан ошондо эле бутуна бекем туруп, жарандарына татыктуу жашоону камсыздоого жетишмек. 2010-жылдын  апрелиндеги  жоготуулар, июнундагы  трагедия  болмок эмес.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Аксы окуялары жана 2005-жылдын мартындагы элдик көтөрүлүш кыргызстандыктардын эркиндикке жана адилеттикке болгон умтулуусун далилдеди. Муну биз эч качан эстен чыгарбайлы! Кыргызстандын жаркын келечегин куралы! Биргелешип элибизге бейпил жана бакубат жашоо камсыздайлы! Жараткан тилегибизди кабыл кылсын! Элибизди, жерибизди колдосун!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                                       Алмазбек Атамбаев”

2014-жыл 24-март