Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин фракцияларынын лидерлери менен жолугушуп, парламенттик көпчүлүктүн коалициясын түзүүнү КСДП фракциясына сунуш кылды

Бүгүн, 2014-жылдын 20-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин фракцияларынын лидерлери менен жолугушту.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаев катышкан жолугушуунун жүрүшүндө  фракциялардын жетекчилери менен парламенттик көпчүлүктүн жаңы коалициясын  түзүү маселесин талкуулады.

Жолугушуунун жыйынтыгында Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын парламенттик фракциясына парламенттик көпчүлүктүн коалициясын түзүүнү, 2014-жылдын 11-апрелинен калтырбай Премьер-министрдин кызматына талапкерди сунуштоону, Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинде  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  түзүмүн жана курамын аныктап, программасын карап чыгып, бекитүүнү камсыз кылууну сунуштады.

Президент Алмазбек Атамбаев ошондой эле Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын парламенттик фракциясына парламенттик көпчүлүктүн коалициясын түзүүнүн жүрүшүндө жана коалициялык макулдашууга кол коюуда бардык бийлик бутактары үчүн башкы милдет мамлекеттүүлүктү бекемдөө жана 2013-2017-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын cөзcүз ишке ашыруу экендигин эске алууну сунуш кылды.

Мамлекет башчысы парламенттик фракцияларга парламенттик көпчүлүктүн коалициясын түзүүдө жана коалициялык макулдашууга кол коюуда Кыргыз Республикасынын Конституциясын бекем сактоону сунуштады. Коррупциялык тобокелчиликти эске алуу менен, административдик ведомстволордогу, башка органдардагы жана уюмдардагы кызмат орундарды фракциялар ортосунда бөлүштүрүү боюнча азыркы ыкмадан баш тартып, коалициялык макулдашууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамын гана аныктоону сунуштады.

Президент Алмазбек Атамбаев КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековго парламенттик көпчүлүктүн жаңы коалициясын түзүүгө мандат тапшырды.

2014-жыл 20-март