Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө Жарлыкка кол койду

Бүгүн, 2014-жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаевди кабыл алып, Аппарат Жетекчиси Мамлекет башчысына «Ырыс алды ынтымак» парламенттик көпчүлүк коалициясынын лидери Феликс Куловдун бул коалиция парламенттик көпчүлүктүн статусун жоготкондугу тууралуу расмий катын тапшырды.

«Ырыс алды ынтымак» парламенттик көпчүлүктүн коалициясы анын курамынан «Ата Мекен» фракциясынын чыгуусуна байланыштуу өз ишмердигин токтотту.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин КСДП, «Ар-Намыс» жана «Ата Мекен» фракцияларынын ортосундагы 2012-жылдын 3-сентябрында макулдашууга ылайык түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү отставкага кеткен болуп эсептелинет.

Жарлыкка ылайык, Премьер-министрдин, биринчи вице-премьер-министрдин, вице-премьер-министрдин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн, ошондой эле админисрациялык ведомстволорунун жетекчилеринин кызмат орундарын ээлеген адамдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнчө чейин мурда ээлеген кызматтарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн жана администрациялык ведомстволорунун жетекчилеринин милдеттерин аткарууну улантышат.

Жарлык кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.

2014-жыл 19-март