Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев вице-премьер-министр Токон Мамытовду кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 18-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн вице-премьер-министри Токон Мамытовду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чек аралардын коопсуздугун чыңдоо, мамлекеттик чек араларды коргоо жана өлкөнүн канатташ чек ара участокторунда келип чыккан  маселелерди ыкчам чечүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар туурасында маалымат берди. 

Президент Алмазбек Атамбаевге вице-премьер-министр Токон Мамытов ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо  боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу  дагы айтып берди.

 

2014-жыл 18-март