Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Малайзиянын Премьер-министри Наджиб Разак менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 2014-жылдын 17-мартында, малазиялык тараптын демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Малайзиянын Премьер-министри  Наджиб Разак менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Наджиб Разак Алмазбек Атамбаевге “Малайзия авиалиниялары” авиакомпаниясынын «Боинг 777» самолетун издөөгө көмөк көрсөтүүнү суранды. Самолеттун учуу маршрутун аныктоодо пайдаланылышы мүмкүн болгон маалыматтардын бардыгын билдирүүнү өтүндү.

Малайзиянын Премьер-министринин айтымында мүмкүн болгон бир вариант боюнча самолеттун маршруту Кыргызстан аба мейкиндиги аркылуу өтүшү ыктымал.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан бийлиги малайзиялык тарапка  көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирди.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Абадан коргонуу күчү малайзиялык кесиптештерине  керектүү болгон бардык маалыматтарды берээрин белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев  Кыргызстан эли жоголуп табылбай жаткан «Боинг 777» самолетунун экипаж мүчөлөрүнүн жана жүргүнчүлөрүнүн туугандары, жакындары менен бирге тынчсызданып жаткандыгын, авиалайнерди издөө жакында жакшы жыйынтыктарды берээрине  ишенээрин белгиледи.

2014-жыл 17-март