Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Аксы окуяларынын 12 жылдыгына байланыштуу кайрылуусу

Кайрылуунун тексти:

“Урматтуу мекендештер!

Каргашалуу Аксы окуясынан бери 12 жыл өттү. 2002-жылдын 17-мартында бийлик элдин талабына, жарандык нааразычылыгына каршы курал колдонуп, ок чыгарган. Натыйжада алты адам каза тапкан. Көп күндүк саясый ачкачылыктан дагы бир жараныбыз көз жумган.

Каргашалуу окуялар көп үй-бүлөнү кайгыга батырды, жаш балдарды жетим калтырды. Бирок Аксы окуялары, аксылыктардын эрдиги өзгөрүүлөргө жол ачып, ар бирибиздин жүрөгүбүздө атуулдук сезимди ойготту. 2002-жылдын мартындагы окуялар адилетсиздикке жана чыккынчылыкка, мыйзамсыздыкка жана үй-бүлөлүк-кландык башкарууга каршы жалпы элдик күрөштүн башатына айланды.

Урматтуу мекендештер!

Аксы окуяларын эстен чыгарбайлы! Чындык, эркиндик жана калыстык үчүн өз жанын аябай күрөшкөн аксылык баатырларыбызды унутуп калбайлы! Алардын – балдарыбыз, неберелерибиз эркин, адилеттүү Кыргызстанда жашайт деген үмүтүн ишке ашыралы. Ар бир жаранга татыктуу жашоо, бейпил турмуш, балдарыбызга жаркын келечек камсыздаган мамлекет курууга милдеттүүбүз.

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                        Алмазбек Атамбаев”

2014-жыл 17-март