Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев 2002-жылы Аксы окуяларында курман болгондордун элесин эскерди

Бүгүн, 2014-жылынын 17-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2002-жылы Аксы окуяларында курман болгондордун элесин эскерди.

Мамлекет башчысы республиканын баш калаасынын борбордук «Ала-Тоо» аянтындагы 2002-жылдын Аксы окуяларында жана 2010-жылдын Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун жаркын элесине арналып тургузулган монументке гүл койду.

Иш-чара 2002-жылдын 17-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Боспиек айылында болгон окуялардын 12 жылдыгына арналды.

2014-жыл 17-март