Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин IV жыйыны 2014-жылдын 25-мартында өткөрүлөт

Бүгүн, 2014-жылдын 14-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин катчысы Нурсулу Ахметованы кабыл алды.

Мамлекет башчысына 2014-жылдын 25-мартында өткөрүү болжолдонгон Кеңештин жыйынына даярдык көрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында маалымат берилди.

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында  төмөндөгү маселелерди кароо болжолдонууда:

1. 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүнүн жүрүшү тууралуу (“Таза шайлоо – өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн негизи”).

2. 2014-2020-жылдары  мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасы тууралуу.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кароосуна коюлуп жаткан маселелердин маанилүү экендигин эске алып, жыйынды жогорку деңгээлде өткөрүүнү камсыз кылууга милдеттендирди.

2014-жыл 14-март