Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султановду кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 11-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султановду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына транспорттук инфраструктура  обьектилерин куруу боюнча жумуштардын, тактап айтканда өлкөнүн автожолдорун куруу жана реабилитациялоонун долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшү  тууралуу маалымат берилди.

Президент Алмазбек Атамбаев менен министр Калыкбек Султанов  ошондой эле  Кыргызстандын  түндүк менен түштүк региондорун бириктирген альтернативалык стратегиялык автожолдун курулушун баштоо үчүн көрүлүп жаткан даярдыкты талкуулашты.

Мамлекет башчысы өлкөнү өнүктүрүүдө инфраструктуралык долбоорлордун маанисин баса белгилеп, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигин  аларды өз мөөнөтүндө ишке ашырууга милдеттендирди.

2014-жыл 11-март