Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктоосу

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Урматтуу айымдар!

Ардактуу энелерибиз, эжелерибиз, карындаштарыбыз,  кыздарыбыз!

Сиздерди 8-март - жаз майрамы менен куттуктайм!

Дүйнөдө аялзаты бар болгон үчүн ар бирибиздин жашообуз мээримге, жакшылыкка бөлөнүп, өзгөчө мааниге ээ. Сиздердин бизге болгон ишенимиңер күчүбүзгө күч кошуп, бардык кыйынчылыктарды жана тоскоолдуктарды жеңип чыгууга шыктандырып турат.

Аялзаттын түйшүгү көп болоору белгилүү. Бүгүнкү күндө да үй тиричилиги, балдарды тарбиялоо, ал тургай үй-бүлө багуу милдети сиздердин мойнуңарда. Бирок аялзаттын кеменгерлиги, чыдамкайлыгы, эмгекчилдиги турмуштун бардык кыйынчылыктарын жеңүүгө өбөлгө болуп, Кыргызстаныбызды көптөгөн сыноолордон сактап калды.

Биз Кыргызстандын аялдары менен сыймыктанабыз. Мээримиңерге, жароокерлигиңерге, кайратыңарга жана чечкиндүүлүгүңөргө таазим этебиз. Салттарыбызды, тилибизди, маданиятыбызды, элибиздин бүтүндүгүн, кыргыз мамлекеттүүлүгүн сактап калууда Сиздердин салымыңар зор.

Ардактуу айымдар!

Ылайым турмушуңуздарда бактылуу күндөр арбын болсун! Түгөйүңөр, балдарыңар, жакындарыңар ар дайым кубаныч жана жакшылык тартууласын! Бардыгыңыздарга чың ден соолук, үй-бүлөдө ынтымак, бакыт-таалай  жана бакубат жашоо каалайм!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                                         Алмазбек Атамбаев”

 

2014-жыл 7-март