Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын бир катар өлкөлөрдөгү Элчилерин жана Гуаньчжоу шаарындагы башкы консулду дайындады

Бүгүн, 2014-жылдын 6-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын бир катар өлкөлөрдөгү Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилерин жана Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Гуаньчжоу шаарындагы башкы консулун дайындады.

Мамлекет башчысы Исаев Асеин Кусеиновичти Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Брюссель шаарындагы Европа шериктештигинин комиссиясындагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү, Адамкулова Самаргүл Эркиновнаны Кыргыз Республикасынын Индия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Осмоналиев Асанбек Арыстаналиевичти Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Жумабаев Абдилатиф Кудайкуловичти Кыргыз Республикасынын Сауд Араб Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Ибраимов Эрмек Султановичти Кыргыз Республикасынын Түрк Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматынан бошотуп,  Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргыз Республикасынын ЕККУдагы жана Вена шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү, Шарипов Жусупбекти Кыргыз Республикасынын Сауд Аравия Королдугундагы, Кувейт Мамлекетиндеги, Египет Араб Республикасындагы жана Катар Мамлекетиндеги ишин айкалыштыруу менен Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматынан бошотуп, Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Тентимишов Максат Ишенбековичти Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Гуаньчжоу шаарындагы башкы консулу болуп дайындады.

Ушул эле күнү Президент Алмазбек Атамбаев дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жаңы жетекчилерин кабыл алып, Кыргызстандын аталган мамлекеттер менен өз ара пайдалуу кызматташуусун өнүктүрүүдө  демилгелүү иш жүргүзүү маанилүү экендигин баса белгиледи.

Президент дипломаттар эл аралык байланыштарды жана тышкы саясаттын мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдаланып, өз ишмердигин  Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын коргоого, чет элдик өнөктөштөр менен мамилелерди ар тараптан өнүктүрүүгө милдеттүү экендигине басым жасады.

Мамлекет башчысынын башка жарлыктары менен Иманалиева Лидия Адамкалыевна Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы, Венгрия Республикасындагы, Словакия Республикасындагы, Польша Республикасындагы жана Чехия Республикасындагы ишин айкалыштыруу менен  Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, ЕККУнун алдындагы жана Вена шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлүнүн кызматынан, Арстанбаев Мирлан Есенович Стамбул шаарындагы Кыргыз Республикасынын башкы консулу кызматынан бошотулду.

2014-жыл 6-март