Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын Сот системасы кызматкерлеринин күнү менен куттуктоосу

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу судьялар жана сот системасынын кызматкерлери, сот коомчулугунун өкүлдөрү!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Кыргыз Республикасынын Сот системасынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Кыргызстан укуктук мамлекетти курууга багыт алды. Өлкөдө коррупция жана кылмыштуулук менен аеосуз күрөш жүргүзүлүп жатат. Бүгүн өлкөбүз мыйзамдын диктатурасына муктаж. Кыргызстанга жарандардын укуктарын жана эркиндигин, улуттук кызыкчылыктарды коргоого жөндөмдүү, күчтүү, көз карандысыз жана жоопкерчиликтүү сот бийлиги керек.

Сот системасындагы реформалар карапайым элдин турмушуна орчундуу өзгөрүүлөрдү алып келүүгө тийиш. Соттордун адилеттүүлүгү жана калыстыгы, судьялардын абийирдүүлүгү жана тазалыгы турмуш чындыгына айланышы керек.

Коомдогу туруктуулукту сактап калуу, элдин бийликке жана адилеттүүлүккө болгон ишенимин арттыруу сиздердин ишиңерге байланыштуу экендигин унутпасаңар. Милдетиңерди так аткарып, карапайым жарандарыбыздын үмүтүн актайсыздар деп ишенем.

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                        Алмазбек Атамбаев”

2014-жыл 5-март