Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Ингушетия Республикасынын башчысы Юнус-Бек Евкуров ингуш элине көрсөткөн жардамы үчүн Кыргызстан элине ыраазычылык билдирди

Ингушетия Республикасынын башчысы Юнус-Бек Евкуровдон Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин дарегине катаал жылдары ингуштарга көрсөткөн жардамы үчүн кыргыз элине ыраазычылык билдирген кат келип түштү.

Катта “ингуш элинин жарымынан көбү каза тапкан” 1944-жылдын 23-февралындагы геноцидке жана тарыхый мекенинен күчкө салып көчүрүүгө байланыштуу кайгылуу окуялар туралуу айтылган.

Ингушетиянын башчысы Кыргызстандын миңдеген карапайым жарандары ингуштардын кайгысын тең бөлүшүп, аларга жардам берип, бир сындырым нанды бөлүп жеп, оорулууларын дарылап, каза тапкандарды көмүшкөндөрүн эскертти.

Юнус-Бек Евкуров белгилегендей, Кыргызстан ингуштардын экинчи мекени болуп калды. «Көпчүлүгү бүгүнкү күнгө чейин республиканын толук укуктуу жарандары болуп жашап жүрүшөт, бул өлкөнүн жетекчилигинин туура саясатынан да көз каранды», - деп Ингушетиянын башчысынын катында белгиленген.

Ингушетия Республикасынын элинин жана жеке өзүнүн атынан Юнус-Бек Евкуров мекенинен ажыраган адамдарга оор жылдары жардам берген бүткүл кыргыз элине чын ниетинен ыраазычылык билдирди.

“Сизге, урматтуу Алмазбек Шаршенович, Кыргыз Республикасынын көп улуттуу элине бакыт-таалай, бакубат жашоо, гүлдөп-өнүгүүнү каалайм. Жериңерде дайым тынчтык жана ынтымак болсун”, - деп катта айтылат.

2014-жыл 3-март