Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге Куньмин шаарындагы терактка байланыштуу көңүл айтты

Бүгүн, 2014-жылдын 3-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Куньмин шаарындагы терактка байланыштуу Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтты.

Мамлекет башчысы үстүбүздөгү жылдын 1-мартында Куньмин шаарында болгон террористтик акттын натыйжасында көп адамдар каза тапкандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алгандыгын белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, жаракат алгандардын бардыгы тезирээк сакайып кетишин каалагандыгын билдирип коюну өтүндү.

2014-жыл 3-март