Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун күнү менен куттуктоосу

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу кыргызстандыктар!

Мамлекеттүүлүктүн жана эгемендиктин белгиси - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун күнү менен бардыгыңыздарды куттуктайм!

Кылым жаңырган мезгилде тарых бизге кыргыз мамлекеттүүлүгүн кайрадан калыптандырууга кайталангыс мүмкүнчүлүк тартуулады. 1992-жылдын 3-мартында Кыргызстандын туусу алгачкы ирет көтөрүлгөн. Кызыл туунун алдында өлкөбүз оор сыноолорду баштан кечирди. Кыйынчылыктарды, тоскоолдуктарды ишеним жана кайрат жеңип, бүгүнкү күндө карапайым мекендештерибиздин эмгеги менен өлкөбүз акырындап бутуна туруп келатат.

Биз көп иштерди аткарууга тийишпиз. Мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө, биргелешип урпактарыбыз сыймыктанган жаңы Кыргызстанды курууга милдеттүүбүз.

Урматтуу мекендештер!

Эгемендүү Кыргызстандын туусу биримдиктин, элибиздин эркиндикке жана адилеттүүлүккө умтулуусунун белгиси болуп кала берсин.

Ушул жаркын майрамда бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди, Кыргызстаныбызга - тынчтык жана ынтымак каалайм!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                              Алмазбек Атамбаев

2014-жыл 3-март