Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Дүйшөнбек Зилалиевди кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 3-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык  ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Дүйшөнбек Зилалиевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Геология жана минералдык  ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин  ишмердигиндеги  түрдүү маселелер талкууланды.

Директор Дүйшөнбек Зилалиев Президент Алмазбек Атамбаевди  тоо кендерин иштетүү тармагына инвестиция тартуу, геологиялык инфраструктураны жакшыртуу жана тоо кендерин иштетүү тармагында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ведомство тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымдады.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын экономикалык турмушунда  тоо кендерин иштетүү тармагынын маанисине токтолуп, жаратылыш байлыктары өлкөнүн кызыкчылыктарында натыйжалуу иштетилүүгө тийиш экендигин баса белгиледи.

2014-жыл 3-март