Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 27-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрдин Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнө жасаган сапарларынын жыйынтыктары талкууланды.

Ошондой эле министр Мамлекет башчысына Индия Республикасына, Афганистан Ислам Республикасына, Малайзияга, Вьетнам Социалисттик Республикасына, Кытай Эл Республикасына жасаган сапарынын учурундагы сүйлөшүүлөр жана  жетишкен макулдашуулар  тууралуу маалымат берди.

Президент Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу багыттарда аталган өлкөлөр менен эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүү боюнча ишти улантуу тапшырмасын берди.

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев мындан тышкары соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну жакшыртуу зарылчылыгына өзгөчө көңүл бурду.

2014-жыл 27-февраль