Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев: “Кыргызстан Украина эли биримдигин сактап, бардык кыйынчылыктарды жеңет деп ишенет”

Украинадагы кырдаал боюнча көптөгөн суроолорго байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктар жакында Киевде болгон окуялардын натыйжасында каза тапкан адамдар тууралуу суук кабарды кабыргасы кайышып кабыл алгандыгын айтты.

“Бул Украина эли үчүн чындыгында эле трагедия, ошондуктан курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтабыз. Украина эли биримдигин сактап, бардык кыйынчылыктарды жеңет деп ишенебиз. Өз мезгилинде Бакиевдердин үй-бүлөлүк кандуу режиминин башкаруусунун соңунда  Кыргызстан ушул өңдүү сыноолорду баштан кечирген. Бүгүн Кыргызстан эли өлкөнүн келечеги үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алды. Реалдуу демократия жана элдик бийликти орнотуу жолунда боордош украина элинин алдында көптөгөн кыйынчылыктар тургандыгын түшүнүп турабыз. Мындай татаал учурда өлкөнүн тагдыры үчүн жоопкерчиликти мойнуна алган украиналык саясатчыларга зор милдет жүктөлөт. Алар жалпы Украина элинин кызыкчылыгын эске алып, ички саясый тирешүүдөн, айрыкча этностор аралык каршылашуудан  алыс болууга тийиш. Айрым  учурларда кооз сөздөрдүн, берилген убадалардын артында өлкөнү бөлүп жаруу, анын келечегине балта чабуу коркунучу турат. Украинанын эл аралык өнөктөштөрү өз ниеттеринде жана аракеттеринде ырааттуу болуп, кырдаалдан чыгууга реалдуу жардам көрсөтөт деп терең ишенебиз. Эл аралык өнөктөштөрдүн биргелешкен колдоосу болбосо кыйынчылыктарды жеңүү канчалык кыйын экендигин 2010-жылдагы Апрель революциясынан кийинки Кыргызстандын тажрыйбасы  көрсөттү. Тилекке каршы Бакиевдердин кланы тарабынан уурдалып кеткен каражаттар азыркыга чейин батыш банктарында сакталууда. Ал эми трагедиянын башкы күнөөкөрлөрү Лондондо жана Минскте жашынып жатышат”, - деди Президент Алмазбек Атамбаев.

2014-жыл 27-февраль