Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын Президенти Владимир Путинди Сочидеги XXII Олимпиадалык кышкы оюндарды ийгиликтүү өткөргөндүгү менен куттуктады

Бүгүн, 2014-жылдын 26-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге Сочи шаарындагы XXII Олимпиадалык кышкы оюндарды ийгиликтүү өткөргөндүгүнө байланыштуу телеграмма жолдоду.

Президент Алмазбек Атамбаев Президент Владимир Путинди мелдештин жалпы эсебинде Россиянын курама командасынын ишенимдүү жеңиши менен куттуктады.

Мамлекет башчысы эл аралык деңгээлдеги иш чаранын мыкты уюштурулгандыгын жана россиялык спортчулар жетишкен көрүнүктүү ийгиликтерди баса белгиледи. Алмазбек Атамбаев мына ушунун бардыгы Владимир Путиндин жеке ийгилиги дагы болуп саналаарын белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев Владимир Путинге чың ден соолук, ийгилик, ал эми достук Россия элине – бакубаттуулук жана гүлдөп өнүгүү каалады.

2014-жыл 26-февраль