Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев вице-премьер-министр Токон Мамытовду кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 26-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн вице-премьер-министри Токон Мамытовду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөнүн укук коргоо органдарынын ишмердигине тиешелүү маселелер, ошондой эле тартипти жана мыйзамдуулукту сактоо, өлкөнүн жарандарынын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев менен вице-премьер-министр Токон Мамытов Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын коргоо жана бекемдөө маселелерин дагы талкуулашты.

2014-жыл 26-февраль