Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев финансы министри Ольга Лаврованы кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 25-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн финансы министри Ольга Лаврованы кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө республикалык бюджеттин аткарылышына жана үстүбүздөгү жылдагы бюджеттик саясаттын негизги артыкчылыктарына тиешелүү маселелер талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев бюджетти так аткаруу боюнча өз учурунда чараларды көрүү, ошондой эле өлкөнүн жарандарынын алдында кабыл алынган бардык социалдык милдеттенмелерди аткаруунун зарылчылыгын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасын 2013-2017-жылдары аралыгында туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында белгиленген долбоорлорду өз учурунда каржылоонун маанисин белгиледи.

Андан тышкары Президент менен финансы министри орто мөөнөттүү келечекте экономиканы туруктуу өнүктүрүүгө жана балансталган бюджетке жетишүүгө багытталган министрлик тарабынан көрүлүп жаткан чараларды талкуулашты.

2014-жыл 25-февраль