Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын начальниги Асанбек Алымкожоевди кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 20-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальниги Асанбек Алымкожоевди  кабыл алды.

Мамлекет башчысы коргонууну камсыз кылган мамлекеттик органдардын күчтөрүнүн жана каражаттарынын өз ара аракеттенүү, пландаштыруу жана  биргелешип колдонуу системасын уюштуруу боюнча аткарылып жаткан иштердин жүрүшү тууралуу маалыматты укту.

Генералдык штабдын начальниги Президентке Кыргыз Республикасынын  Куралдуу Күчтөрүн реформалоонун алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

2014-жыл 20-февраль