Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев россиялык делегация менен энергетика тармагындагы кызматташуу маселелелерин талкуулады

Бүгүн, 2014-жылдын 19-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын делегациясын кабыл алып, алар менен энергетика тармагындагы кызматташуу маселелерин талкуулады.

Жолугушууга кыргыз-россиялык өкмөт аралык комиссиясынын теңтөрагасы, Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматынын жетекчиси Андрей Бельянинов, Россия Федерациясынын Президентине караштуу отун-энергетика комплексин өнүктүрүү стратегиясы жана экологиялык коопсуздук боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы, “Роснефть” МК” ААКнын Президенти Игорь Сечин, “РусГидро” ААКнын Башкармалыгынын Төрагасы Евгений Дод жана “ИНТЕР РАО” ААКнын Башкармалагынын Төрагасы Борис Ковальчук катышты.

Жолугушуу 2014-жылдын 8-февралында Сочи шаарында Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев жана Россия Президенти Владимир Путиндин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн уландысы катары болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандагы биргелешкен кыргыз-россиялык энергетикалык долбоорлордун жүрүшү жана ошондой эле энергетика тармагындагы мындан аркы пландар талкууланды. Айта кетсек, негизинен Камбар-Ата ГЭС-1 жана Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушу каралды.

Мындан тышкары, жолугушууга катышкандар Кыргызстандагы россиялык энергетикалык компаниялардын инвестициялык ишмердигин өнүктүрүү боюнча кийинки пландарын да карап чыгышты.

Жолугушуунун натыйжасында төмөнкү документтерге кол коюлду:

- Камбар-Ата ГЭС-1 куруу жана ишке киргизүү долбоорун ишке ашыруу боюнча кыргыз-россиялык сүйлөшүүлөрдүн протоколу;

- Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу жана ишке киргизүү долбоору боюнча кыргыз-россиялык сүйлөшүүлөрдүн протоколу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана “Роснефть МК” ААКы ортосундагы “Эл аралык “Манас” аэропорту” ААКсына инвестицияларды ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү боюнча ниеттер жөнүндө меморандуму;

- “Роснефть МК” ААКы жана “Эл аралык “Манас” аэропорту” ААКы ортосундагы “ИНТЭК” ЖЧКсына үлүштүк жактан кирүү жана авиамунай менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча рамкалуу макулдашуу.

2014-жыл 19-февраль