Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев вице-премьер-министр Токон Мамытовду кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 19-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Токон Мамытовду кабыл алды.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Тажикстан Республикасынын Өкмөтү менен өлкөлөр ортосунда чек аралар маселелерин жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү туурасында маалыматты укту.

Вице-премьер-министр Токон Мамытов Президент Алмазбек Атамбаевге ошону менен бирге чек аралардын коопсуздугун чыңдоо боюнча өлкөдө көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымдады.

2014-жыл 19-февраль