Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылгандыгынын 25 жылдыгы менен куттуктоосу

Куттуктоонун тексти:

Урматтуу мекендештер!

Жыйырма беш жыл мурда советтик аскерлер Афганистандан  толугу менен чыгарылган. Афган согушуна миңдеген кыргызстандыктар катышты. Он миңдеген мекендештерибиз  жакындарынан - уулунан, бир туугандарынан, аталарынан ажырады.

Биз бүгүн ошол согушта берген антын бек сактаган, өз өмүрүн курмандыкка чалса дагы Мекен алдындагы ыйык милдетин аткарган жоокерлерге таазим этебиз!

Кыргызстан эли үчүн өткөн 25 жыл оор сыноолордун мезгили болду.  Бирок өлкө башына кыйынчылык түшкөндө - Баткен окуяларында, 2010-жылдын апрель жана июнунда  жоокер-афганчылар биринчи болуп жардамга келип жатышты.

Урматтуу жоокер-интернационалчылар!

Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылгандыгынын 25 жылдыгы менен куттуктайм. Бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык каалайм. Кыргызстаныбыз гүлдөп өнүгө берсин!

Кыргыз Республикасынын       

Президенти                                                                         Алмазбек Атамбаев”

2014-жыл 14-февраль