Бүгүн, 2014-жылдын 12-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кыска мөөнөттүү отпуск алды. Аны Москва шаарында өткөрөөрү белгиленди.
Дарыгерлердин сунушу боюнча бүгүн Президенттин тизе чемирчегине операция жасалды. Врачтардын баамында операция ийгиликтүү аяктады.
Мамлекет башчысы Кыргызстанга жакынкы күндөрү кайтып келет.