Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушту

Бүгүн, 2014-жылдын 11-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Москва шаарында Россия Федерациясына Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушту.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев Президент Алмазбек Атамбаевге Сочи шаарындагы XXII Олимпиадалык кышкы оюндардын ачылышына катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Дмитрий Медведев мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык деңгээлде  жетишилген бардык макулдашууларды ишке ашырууга даярдыгын ырастады.

“Эки тараптуу мамилелерибиз дагы стратегиялык жана бекем болуш үчүн мамлекеттер аралык, президенттер ортосундагы жана өкмөттөр аралык деңгээлде жетишилген бардык макулдашууларды биз ишке ашырабыз деп ырастап кетким келет”,- деди Дмитрий Медведев Алмазбек Атамбаевди тосуп  жатып.

“Акыркы жылдары биздин мамилелерибиз жаңы сапатка ээ болду”,- деп Дмитрий Медведев, жолугушуунун күн тартибинде интеграциялык процесстерге дагы, эки тараптуу мамилелерге байланыштуу дагы маселелер тургандыгын кошумчалады.

Президент Алмазбек Атамбаев Сочидеги XXII Олимпиадалык кышкы оюндардын ачылышынын уюштурулушуна жогору баа берип, спорттук мелдештерди өткөрүүдө ийгилик каалады.

Кыргызстандын мамлекет башчысы бул жолугушуу эки мамлекеттин жетекчилери жана өкмөттөрү буга чейин жетишкен макулдашуулардагы ири экономикалык долбоорлорду талкуулоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзгөндүгүн белгиледи.

Алмазбек Атамбаев айрым долбоорлор ишке ашырыла баштагандыгын белгиледи.

“Биз жетишкен бардык макулдашуулар кагаз бетинде калбай ишке ашырылаарына терең ишенем”,- деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Алмазбек Атамбаев менен Дмитрий Медведев Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кирүүнү пландаштырып жаткандыгына байланыштуу Кыргызстан үчүн мүмкүн болгон оош-кыйыштарды жокко чыгаруу боюнча биргелешкен чараларды талкуулашты.

2014-жыл 11-февраль