Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Каза тапкан инспектордун үй-бүлөсүнө жана жарадар болгон милиционерге материалдык жардам көрсөтүлдү

Бүгүн, 2014-жылдын 10-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Президенттин резервдик фондунан кызмат милдетин аткарууда каза тапкан милициянын прапорщиги Бакыт Бообекович Абдраевдин үй-бүлөсүнө 100 000 (жүз миң) сом жана кызмат милдетин аткарууда жарадар болгон милициянын прапорщиги Таштанбек Аскарбек уулуна 50 000 (элүү миң) сом бөлдү.

Мамлекет башчысы каза тапкан Бакыт Абдраевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына кайрат айтып, Таштанбек Аскарбек уулуна тезирээк сакайып кетишин каалады.

2014-жыл 10-февраль