Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын Президенти Владимир Путин менен Сочи шаарында жолугушту

Бүгүн, 2014-жылдын 8-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Сочи шаарында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту.

Кыргызстандын Мамлекет башчысы өзүнүн россиялык кесиптешин Сочи шаарында XXII Олимпиадалык кышкы оюндарынын ачылыш аземине катышууга чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди жана Олимпиаданын ийгиликтүү ачылышы менен куттуктады, ошондой эле оюндарды өткөрүүдө ийгиликтерди каалады.

Алмазбек Атамбаев бул жолугушуу түрдүү тармактардагы эки тараптуу кыргыз-россиялык кызматташтыктын маселелерин талкуулоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүк экенин белгиледи.

Россиянын Президенти Владимир Путин өзүнүн кыргыз кесиптешин сапары жана Сочи шаарындагы Олимпиадалык кышкы оюндарынын ачылыш аземине келгендиги үчүн ыраазычылык билдирип. Владимир Путин кыргыз-россиялык мамилелер динамикалуу өнүгүп жатканын белгиледи.

“Жолугушууга негиз болгон окуялар тууралуу кыскача сүйлөшкөнгө гана мүмкүнчүлүк түзүлбөстөн, регионалдык проблемаларды талкуулоого, эки тараптуу мамилелер тууралуу сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк түзүлдү”, - деди Владимир Путин жолугушуунун башталышында. “Россия Кыргызстандын эң негизги соода-экономикалык өнөктөшү болуп кала берет, андан сырткары товар жүгүртүү кеңейүүдө. Товар жүгүртүү дээрлик 18 % өстү. Бул абдан жакшы саамалык. Мындай тенденцияны сакташ керек. Өз ара кызматташуубуздун бардык аспекттери боюнча деталдуу сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк бар экендигине кубанычтуумун”.

Кыргызстан менен Россиянын Президенттери жакынкы күндөрү биринчи вице-премьер-министрлердин жетекчилиги алдында Евразиялык интеграциялык процесстерге Кыргызстандын катышуусуна байланыштуу позициялардын жакындашуусу боюнча иш башталаары тууралуу макулдашышты. Өлкөнүн Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулууда кандайдыр бир тобокелдиктер болбош максатында эки өлкөнүн Өкмөттөрү Кыргызстандын экономикасынын түзүмдөрүн адаптациялоо боюнча чараларды иштеп чыгышат.

Президент Алмазбек Атамбаев эки тараптуу кыргыз-россиялык мамилелер стратегиялык өнөктөштүк маанайында өнүгүп жатканын баса белгиледи.

2014-жыл 8-февраль