Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун кезектеги отуруму өткөрүлдү

2014-жылдын 7-февралында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаевдин төрагалыгы алдында шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча жумушчу тобунун кезектеги отуруму  өткөрүлдү.

Отурумду ачып жатып, Президенттин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаев шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун 2013-жылдагы ишмердигинин алдын-ала жыйынтыктарын чыгарды.

Жыйындын башталышында Калктын бирдиктүү мамлекеттик регистрин (КБМР) түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин маалыматы угулду.

Шайлоочулардын тизмесин жаңыртуу туурасында кеп кылганда Жоомарт Оторбаев Калктын бирдиктүү мамлекеттик регистрин түзүү боюнча иш кечеңдеп жаткандыгын мойнуна алды. Бирок   биринчи вице-премьер-министр билдиргендей, Өкмөт бул ишти Президенттин жарлыгында көрсөтүлгөн мөөнөттө - 2014-жылдын экинчи кварталынын акырына чейин бүтүрүш үчүн бардык  күч аракетин жумшамакчы.

Данияр Нарымбаев өз кезегинде КБМР зор мааниге ээ жана узак мөөнөткө эсептелгендигин, 2015-жылы өлкөнүн парламентине шайлоолорду таза, ачык өткөрүү менен тыгыз байланышта каралууга тийиш экендигин  белгиледи. “Шайлоолорду уюштурууда жана өткөрүүдө кыянаттыкка жол бербөө максатында келерки парламенттик шайлоолорду таза жана ачык өткөрүү өзгөчө мааниге ээ”,- деди Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси.

Данияр Нарымбаев биометрикалык маалыматтарга негизделген  жарандарды идентификациялоону өткөрүү  болжолдонуп жаткандыгын баса белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө жумушчу топтун мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (БШК) төрагасы Туйгуналы Абдраимов менен анын орун басары Гулнар Журабаева сунуштаган шайлоо системасынын жана шайлоо технологияларынын моделин талкуулашты. Бул модель боюнча:

- шайлоочулардын тизмеси мүмкүнчүлүккө жараша биометрикалык маалыматтарды колдонуу менен БШК, Мамлекеттик каттоо кызматынын жана Социалдык фонддун азыркы базаларындагы персоналдуу маалыматтарды салыштыруунун негизинде  түзүлөт;

-ар бир участкалык шайлоо комиссиясы  компьютер, добуштарды автоматтык түрдө эсепке алган электрондук урналар, сканерлер, мониторлор, видеокамералар жана  маалыматтарды жөнөтүү үчүн байланыш каналдары менен камсыз болот.

Жыйындын жүрүшүндө шайлоо системасынын жана шайлоо технологияларынын моделдери кеңири талкууланып, катышуучулар  жарандардын биометрикалык маалыматтарынын базасын түзүүнүн максатка ылайыктуулугу тууралуу талашып тартышышты.

Натыйжада катышуучулар БШК сунуштаган модель шайлоо процессинде биометрикалык маалыматтарды пайдаланууга тыюу салбай тургандыгы менен макул болушту. Ошого байланыштуу  шайлоо технологиясынын сунушталган моделин Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук  кеңешинин 2014-жылдын 25-февралына болжолдонгон отурумуна сунуш кылуу тууралуу чечим кабыл алынды.  Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын  жарандарын мамлекеттик каттоо жана идентификациялоо системасындагы биометрикалык маалыматтарды жыйноонун, каттоонун жана пайдалануунун бардык аспектилерин, анын ичинде шайлоо процессинде  коргоонун жана коопсуздукту камсыз кылуунун тиешелүү чараларын камсыз кылууну чагылдырган мыйзам долбоору даярдалмакчы.

2014-жыл 8-февраль