Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Россия Федерациясына учуп кетти

Бүгүн, 2014-жылдын 7-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча иш сапары менен Сочи шаарына жөнөп кетти.

Жумушчу сапардын алкагында Мамлекет башчысы Сочи шаарында XXII Олимпиада кышкы оюндарынын ачылыш салтанатына катышмакчы.

Ошондой эле Президент Алмазбек Атамбаев 2014-жылдын 8-февралында Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушат. Жолугушууда Кыргызстан менен Россиянын ортосунда буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн, кыргыз-россиялык мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн перспективаларын талкуулоо болжолдонууда.

2014-жылдын 11-февралында, Москва шаарында Президент Алмазбек Атамбаевдин Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушуусу пландаштырылууда. Жолугушууда Кыргызстан менен Россиянын ортосунда экономиканын түрдүү тармактарында практикалык кызматташуу маселелери талкууланмакчы.

2014-жыл 7-февраль