Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуутарыхый илимди өнүктүрүү боюнча комиссиянын кезектеги отуруму өткөрүлдү

Бүгүн, 2014-жылдын 6-февралында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарыхый илимди өнүктүрүү боюнча комиссиянын кезектеги отуруму өткөрүлдү.

Отурумда өткөн жылдагы Комиссиянын ишинин жыйынтыктары чыгарылып, Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын сактоого жана тарых илимин мында ары өнүктүрүүгө багытталган 2014-жылдагы артыкчылыктуу долбоорлор  каралды.

Данияр Нарымбаев өткөн жылы Мекендин тарыхын терең изилдөө жана  жайылтуу максатында бир катар маанилүү иш чаралар өткөрүлгөндүгүн белгиледи. Анын пикири боюнча Борбордук Азияда Кыргыз каганатынын түзүлүшүнүн 1170 жылдыгына арналган “Орто кылымдагы түрк элдеринин мамлекеттүүлүгү жана   маданияты контекстинде кыргыз каганаты” Эл аралык  II илимий конференция 2013-жылдагы Комиссиянын ишмердигинин алкагында  өткөрүлгөн негизги долбоорлордун бири болуп калды. Эл аралык конференциянын ишине дүйнөнүн 11 мамлекетинин өкүлдөрү катышкан.

 “Кыргыз Республикасында  тарых илимдерин өнүктүрүү боюнча көп иш аткаруу зарыл. Аны үчүн Комиссиянын комплекстүү жана системалуу иши жана анын мүчөлөрүнүн тыгыз өз ара аракеттениши талап кылынат. Ошого жараша биз  Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын изилдөө боюнча иштерди колдоого алууда артыкчылыктуу милдеттерди аныктап, Кыргыз Республикасынын тарыхы боюнча жаңы муун үчүн окуу китептерин, пособиелерди жана фундаменталдуу илимий эмгектерди даярдоого жана басып чыгарууга  тийишпиз”,- деди Данияр Нарымбаев.

Кеңешменин ишине Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарыхый илимди өнүктүрүү боюнча комиссиянын мүчөлөрү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Канат Садыков жана Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” фондунун башкармалыгынын төрагасы Тынчтыкбек Чоротегин дагы катышышты.

Маалымдама: Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссия “Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 27-январындагы Жарлыгын ишке ашыруу максатында “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссияны уюштуруу жана Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" Фондун түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги Жарлыгы менен түзүлгөн.

2014-жыл 6-февраль