Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Латвиянын тышкы иштер министри Эдгарс Ринкевичсти кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 6-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга расмий сапар менен келген Латвия Республикасынын тышкы иштер министри Эдгарс Ринкевичсти кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын Латвия менен жана Европа Союзу менен кызматташуусу тууралуу маселелер талкууланды. Келерки жылы Латвия Европа Союзуна төрагалык милдетти аткарат.

Эдгарс Ринкевичс Кыргызстан менен Европа Союзунун ортосунда кызматташууну мындан ары өнүктүрүү жана активдештирүү маселелерин  талкуулоо максатында өлкөгө келгендигин маалымдады. “Кыргызстанга зор кызыгуу жаралып, ЕС жетекчилиги тарабынан өлкөгө зор колдоо көрсөтүлүп жатат”,- деди министр.

Латвиянын тышкы иштер министри Борбордук Азия регионуна, тактап айтканда Евросоюзу тарабынан Кыргызстанга кызыгуу өсүп бара жаткандыгын белгиледи.

Өз кезегинде Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Латвия менен кызматташууну активдештирүүнүн маанисине токтолуп, Евросоюз менен байланыштарды мындан ары күчөтүү зарылчылыгын баса белгиледи.

2014-жыл 6-февраль