Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Коргоо кенешинин кезектеги жыйыны өткөрүлдү

Бүгүн, 2014-жылдын 3-февралында, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республика­сынын Коргоо кенешинин кезектеги жыйыны өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө Коргоо кеңешинин мүчөлөрү акыркы жылдардагы мамлекеттик органдардын диний чөйрөдөгү мамлекеттин жөнгө салуучу функцияларын аткаруудан четтөө практикасы жаңылыш экендигин белгилешти. Коргоо кеңешинин мүчөлөрү өлкөдөгү диний чөйрөдөгү кырдаалга жетишсиз көңүл бурулушу чыр-чатак, диний негиздеги кагылышуулар сыяктуу терс кесепеттерди жаратып, мамлекеттин бөлүнүү коркунучун жаратышы  ыктымал деген пикирлерин ортого салышты.

Президент Алмазбек Атамбаев күн тартибине коюлган маселени конструктивдүү талкуулоого жетишкендигин белгиледи. “Талкуунун жүрүшүндө күн тартибине коюлган тема абдан маанилүү, курч, ал эми маселелер жана проблемалар абдан татаал экендигин көрсөттү”, - деди Мамлекет башчысы.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбековдун пикири боюнча бүгүнкү күндө диний чөйрөдө диний уюмдарды  реформалоону талап кылган кырдаал түзүлдү. “Бул биринчи кезекте өлкөнүн мусулмандар башкармалыгына тиешелүү. Азыркы кырдаалда ал уюм өз алдынча реформа жүргүзө албайт. Мамлекеттик органдар менен диний уюмдардын биргелешкен ишмердиги аркылуу гана диний чөйрөдөгү максаттарга  жетишүүгө болот”, - деди Асылбек Жээнбеков.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев белгилегендей, мамлекет диний кырдаалды контролдоону күчөтүү жана бул чөйрөдөгү уруксат берүү системасын өркүндөтүү зарыл. Ошону менен бирге диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты каржылоо боюнча башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдеп, колдонууга Кыргыз Өкмөтү даяр экендигин билдирди.

Талкуунун жыйынтыгында Коргоо кеңешинин мүчөлөрү мамлекеттин биринчи кезектеги милдети - адамдын укуктарын жана дин тутуу эркиндигин камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболорунун негизинде диний уюмдардын ишин жөнгө салуунун так системасын түзүү деп табышты.

2014-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин кароосуна 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасындагы диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясынын жаңы редакциясынын долбоорун иштеп чыгып, киргизсин деп диний чөйрөдө мамлекеттик саясатты реформалоо боюнча жумушчу топтун курамы бекитилди.

Коргоо кеңеши тиешелүү мамлекеттик органдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик жөнгө салууну жакшыртуу боюнча функцияларын жана ыйгарым укуктарын аткарууга, мамлекет тарабынан диний уюмдардын жана мекемелердин, диний окуу жайлардын  ишмердигине контролдук кылууга багытталган  конкреттүү тапшырмалар берилди.

Президент Алмазбек Атамбаев алдыга коюлган милдеттерди аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын жана алардын жетекчилеринин жоопкерчилигин жогорулатуунун маанисин баса белгиледи. Мамлекет башчысы кабыл алган чечимдерди аткарууга жарандар, жарандык коомдун уюмдары, биринчи кезекте диний уюмдар активдүү катышаарына ишенимин билдирди. “Бул жалпыбыздын ишибиз. Биргелешип гана диний чөйрөдөгү кырдаалды жакшырта алабыз”, - деп сөзүн жыйынтыктады Президент.

2014-жыл 3-февраль