Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Корея Республикасынын Президенти Пак Кын Хену ай календары боюнча Жаңы жыл менен куттуктады

Бүгүн, 2014-жылдын 31-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Корея Республикасынын Президенти Пак Кын Хену ай календары боюнча Жаңы жыл - Жаз майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоо тексти:

“Сизди ай календары боюнча Жаңы жыл, ошондой эле келе жаткан туулган күнүңүз менен чын дилимден  куттуктайм.

Сеулдагы жолугушуубузду терең ыраазычылык менен эстейм. Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы эки тараптуу пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүүгө жана мындан ары кеңейтүүгө негиз түзгөн эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүнүн перспективасы боюнча  пикир алмашканбыз.

Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук мамилелер мындан ары да өз ара  толук түшүнүшүү жана конструктивдүү кызматташуу маанайында  кыйшаюусуз  өнүгүп жана тереңдей берээрине ишенем.

Учурдан пайдаланып, Сизге бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө мындан аркы ийгиликтерди, ал эми жалпы корей элине - тынчтык, жыргалчылык жана гүлдөп өнүгүү каалайм.

Улуу урматтуу айым, терең  урматтоомду билдирем”.

2014-жыл 31-январь