Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинди ай календары боюнча Жаңы жыл менен куттуктады

Бүгүн, 2014-жылдын 31-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Төрагасын Си Цзиньпинди ай календары боюнча Жаңы жыл - Жаз майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоо тексти:

“Өзүмдүн атымдан жана Кыргызстандын элинин атынан Сизди жана Сиз аркылуу бүткүл Кытай элин ай календары боюнча Жаңы жыл - Жаз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Бишкектеги өткөн жолугушуубузду терең канааттануу сезими менен эстейм. Сиздин 2013-жылдын сентябрындагы мамлекеттик сапарыңыз кыргыз-кытайлык мамилелердин тарыхынын жаңы баракчасын ачып, мамилелерди стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрдү.

Кылымдар бою Кыргызстан менен Кытай элдерин байланыштырган стратегиялык өнөктөштүк, салттуу достук жана жакшы коңшулаштык мамилелер биргелешкен аракеттердин жардамы аркасында биздин мамлекеттерибиздин кызыкчылыгы үчүн  мындан ары да кыйшайбастан өнүгөт жана бекемделе берет деп ишенем.

Сизге, улуу урматуу, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө ийгиликтерди, ал эми Кытай Эл Республикасынын достук элине - тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм”.

2014-жыл 31-январь