Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевди кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 30-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Мамлекет башчысына өлкөнүн энергетикалык системасынын иши жана кыш  мезгилинде жылуулук берүү жагдайы тууралуу маалымат берди. Министр ошондой эле Президентке Кыргызстандагы ири энергетикалык долбоорлорду  ишке ашыруунун жүрүшү боюнча кабарлады.

Президент Алмазбек Атамбаев Осмонбек Артыкбаевге кыш мезгилин жакшы өткөрүү боюнча бардык керектүү чараларды көрүү милдетин  тапшырды. Мамлекет башчысы жакынкы күндөрү аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу калкты жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу керектигин  баса белгиледи.

2014-жыл 30-январь