Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын Президенти Ислам Каримовду туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 2014-жылдын 30-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Өзбекстан Республикасынын Президенти Ислам Каримовду туулган күнү менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

 “Урматтуу Ислам Абдуганиевич,

Туулган күнүңүз менен  чын жүрөктөн куттуктайм.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы салттуу достук мамилелер өлкөлөрүбүздүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн  өз ара түшүнүшүү жана конструктивдүү кызматташуу маанайында мындан ары да кыйшаюусуз өнүгүп, тереңдей берээрине ишенем.

Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Сизге чың ден соолук, бакубатчылык жана Сиздин мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө ийгиликтерди каалайм.

Урматтоо менен,

Алмазбек Атамбаев”

 

2014-жыл 30-январь