Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев ЖККУ Башкы катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 29-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Башкы катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Уюмдун мүчө-мамлекеттеринин кызматташтыгына байланыштуу, Афганистандагы кырдаалды эске алуу менен регионалдык коопсуздукту чыңдоо жана ЖККУ мейкиндигинде туруктуулукту камсыз кылуу боюнча маселелер талкууланды.

Андан сырткары, жолугушуунун жүрүшүндө ЖККУ мүчө-мамлекеттеринин канатташ чек аралардагы кызматташуу маселелери козголду.

 

2014-жыл 29-январь