Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев тил саясатын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрүн кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 28-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Чыныбай Турсунбеков башында турган өлкөдө тил саясатын өркүндөтүү боюнча  жумушчу  топтун мүчөлөрүн кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына 2014-2020-жылдарда Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасыныннын долбоору сунушталды.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган Улуттук программаны иштеп чыгууга эксперттер жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышкан. Документ коомдук кеңири талкуудан өткөрүлгөн.

Жумушчу топтун жетекчиси Чыныбай Турсунбеков мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу Кыргызстанда жашаган  бардык этностордун тилдерин сактап жана өнүктүргөн шартта жүргүзүлүүгө тийиш экендигин белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев аткарган иштери үчүн жумушчу топко ыраазычылык билдирди. Мамлекет башчысы бул маселенин Кыргызстандын элдеринин биримдигин чыңдоодогу жана өлкөнү өнүктүрүүдөгү маанисин белгилеп өттү

2014-2020-жылдарда Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасы 2013-2017-жылдардын мезгилинде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кароосуна сунушталат.

2014-жыл 28-январь