Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев: “Иштерман жылы мамлекет үчүн оңой болгон жок, баарыбыз биздин кыялыбызга – күчтүү жана эгемендүү Кыргызстанга карай алгачкы кадамдарды жасадык”

Бүгүн, 2014-жылдын 25-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Республиканын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык жана ак ниет эмгеги жана эрдиги үчүн, Иштерман жылынын урматына Республиканын ар кандай тармактарынын кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлады. Сыйлык тапшыруу аземи «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өттү.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы бардык сыйлангандарды куттуктап, алардын Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошкон жигердүү салымын белгиледи.

“Өткөн жыл Мекенибиз үчүн оңой болгон жок. Далай кыйынчылыктардан, сыноолордон өттүк. Бирок, кандай болсо да, Биз баарыбыз бирге кыялыбызга – күчтүү жана эгемендүү Кыргызстанга карай алгачкы кадамдарды жасадык. Өлкөбүздө жаңы ГЭСтер салынып, ТЭЦтер оңдолуп, ЛЭПтер курулуп жатат. Ар бир региондо, шаарда жолдор оңолуп, асфальт-бетон заводдору курулуп, айыл чарбасында, суу чарбасында ири долбоорлор башталды. Дал сиздер, сиздердин өжөрлүгүңүздөрдүн жана эмгегиңиздердин аркасында өлкөдө көптөн күткөн экономикалык өнүгүү башталды. Ички дүң продукциянын өсүш деңгээли боюнча биздин көрсөткүчтөрүбүз – шериктеш өлкөлөрдүн арасында биринчилерден болду”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы кыргызстандыктардын көбү өлкө үчүн жана анын келечеги үчүн жоопкерчиликти сезе баштаганын башкы жетишкендик катары белгиледи. “Элибиз, коомубуз, өзгөчө жаштарыбыз өзгөрө баштады. Миңдеген, жүздөгөн кыргызстандыктар башкы байлыгыбыз – Мекенибиз, мамлекеттүүлүгүбүз экенин түшүнө баштады. Эгемендүүлүк жылдары кечиктирилбес чечимдерди – өткөн жылдардын калдыктарын жоюуну талап кылган биртоп көйгөйлөр пайда болду. Бул чек ара коопсуздугу маселеси, коррупция, регионализм, улутчулдук, энергетикалык коопсуздукту камсыздоо көйгөйлөрү, Куралдуу Күчтөрдүн реформасы”, - деп айтты Алмазбек Атамбаев.

Президент ар бир кыргызстандыктын алдында мамлекеттүүлүктү сактап калуу милдети курч турганын белгиледи. “Бул маселени биз гана жана бирге гана чече алабыз. Кыргызстаныбызды көздүн карегиндей сактообуз керек! Эгерде өлкөбүз жок болсо – Кыргызстан эли да жок болот! Бардык күч-аракетибиз ушул бийик максатка жетүүгө багытталууга тийиш!”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Кыргызстандын келечеги кең экендигине ишенимин билдирип, жөнөкөй иштермандардын кажыбас эмгегинин жардамы менен мамлекеттин экономикалык өнүгүүсүнө жетишүүгө болорун белгиледи.

Президент ошондой эле Кыргызстан бирикмелерге өлкөнүн экономикалык таламдарын эске алуу менен гана бардык маселелерди чечкенден кийин кире турганын баса белгилөө менен интеграциялык процесстерге да токтолду.

“Бардыгыңыздарды татыктуу сыйлыгыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!  Сиздерге жана сиздердин жакындарыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай, ийгиликтерди каалайм!”, - деп жыйынтыктады сөзүн Мамлекет башчысы.

Иш-чаранын жүрүшүндө Президент Алмазбек Атамбаев атактуу спортсмен, эмгек сиңирген машыктыруучу, мамлекеттик жана коомдук ишмер, Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевди I даражадагы «Манас» ордени, 10 кыргызстандыкты “Даңк” медалы, 6 кыргызстандыкты «Эрдик» медалы менен сыйлады. Республиканын ар кайсы тармактарынын 112 кызматкерине Кыргыз Республикасынын Ардак грамоталары тапшырылды. 

2014-жыл 25-январь