Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын милдеттерин аткаруучу Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 24-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын милдеттерин аткаруучу Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына 2014-жылдын 23-январында Ысык-Көл чек ара отрядынын участогунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы тарабынан өткөрүлгөн атайын операция тууралуу маалымат берилди.

Раимберди Дүйшөнбиевдин маалыматына караганда Кыргызстандын жараны, Ысык-Көл облусунун аңчылар жана балыкчылар коомунун башкармалыгынын жетекчиси Александр Барыкинди өлтүрүүгө шектелген белгисиз топ адам чек арачылардын колго түшүп берүү тууралуу талаптарына моюн сунбай коюшкан. Ошондуктан аларды жок кылуу боюнча атайын операция жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 11 адам жок кылынган.

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу ошону менен бирге жок кылынган адамдардын жеке буюмдары алардын экстремисттик көз карашта болгондугунан  жана алар болжолу Кыргызстандын чек арасынын Кытай тарабынан өтүп келгендигинен кабар бергендигин маалымдады. Иликтөөлөр алардын ким экендигин жана кайдан келгендигин аныктап жатат.

Президент Алмазбек Атамбаев бул адамдарды зыянсыздандыруу боюнча  атайын операцияга катышкан чек арачыларга ыраазычылык билдирип, атайын операциянын жүрүшүндө жеңил жаракат алган жоокердин тезирээк сакайып кетишин каалады.

Мамлекет башчысы Мамлекеттик чек ара кызматынын жоокерлеринин  түзүлгөн кырдаалда тез чечим кабыл алып, өз милдеттерин так аткаргандыгы Кыргызстандын чек арачыларынын жогорку кесипкөйлүгүн далилдеп тургандыгын белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев ошондой эле Ысык-Көл чек ара отрядынын Ак Шыйрак заставасынан жоокерлер келгенге чейин мамлекеттик чек араны бузгандарга куралдуу каршылык көрсөтүп, экөөнү жок кылып, каза тапкан Александр Барыкинди мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү боюнча тапшырма берди. Мамлекет башчысы Александр Барыкиндин үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтат.

2014-жыл 24-январь