Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин катчысы Бейшенбай Жунусовду кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 23-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысы  Бейшенбай Жунусовду кабыл алды.

Коргоо кеңешинин катчысы Мамлекет башчысына Кыргызстандагы диний чөйрөдөгү кырдаал карала турган 2014-жылдын 3-февралына белгиленген Коргоо кеңешинин отурумуна даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Бейшенбай Жунусов мамлекеттик органдар көз карандысыз эксперттер менен биргелешип эгемендикке жеткен жылдардын аралыгында Кыргызстандагы диний процесстерди, ошондой эле бул чөйрөдөгү азыркы кырдаалды дыкаттык менен талдоо жүргүзгөндүгүн маалымдады.

Коргоо кеңешинин катчысы бул ишке укук коргоо органдарынын, диний конфессиялардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү тартылгандыгын белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев диний чөйрөдө түзүлгөн кырдаалды жакшыртууга багытталган конкреттүү чечимдерди кабыл алуу зарылчылыгын баса белгиледи.

2014-жыл 23-январь