Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев чет мамлекеттердин бир катар Элчилеринен Ишеним грамоталарын кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 22-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Түркия Республикасынын, Швейцария Конфедерациясынын, Жаңы Зеландиянын жана Бангладеш Эл Республикасынын Элчилеринен Ишеним грамоталарын кабыл алды.

Мамлекет башчысы дипломатиялык миссия башчыларын Кыргызстанда Элчи катары ишмердүүлүгүнүн расмий башталышы менен куттуктады. Алмазбек Атамбаев Кыргызстан натыйжалуу жана жемиштүү кызматташууга кызыктар экенин белгиледи.

“Азыркы учурда өлкөбүздүн тышкы саясаттагы негизги приоритети дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен конструктивдүү жана ырааттуу өнөктөштүктү өнүктүрүү болуп саналат”,- деп баса белгиледи Президент.

Түркия менен кызматташтык тууралу кеп кылганда Мамлекет башчысы 2011-жылы Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда стратегиялык кызматташуунун Жогорку кеңешин түзүү менен кыргыз-түрк мамилелери өнөктөштүктүн жаңы формасына ээ болуп, өнүгүүнүн кезектеги баскычына көтөрүлгөндүгүн айтты. “Саясый-дипломатиялык жана бизнес чөйрөсүндөгү байланыштар эки тараптуу негизде да, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешин кошо камтыган регионалдык уюмдардын алкагында дагы активдешип жаткандыгы байкалат,”- деди Алмазбек Атамбаев.

Швейцариянын Элчисине кайрылып, Президент Кыргызстан кыргыз-швейцариялык кызматташуусунда соода-экономикалык тармакка жана маданий-гуманитардык чөйрөгө өзгөчө басым жасаарын белгиледи. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Алмазбек Атамбаев ЕККУда төрагалык кылууда Швейцария Конфедерациясына ийгилик каалады.

Мамлекет башчысы Жаңы Зеландия менен кызматташууну активдештирүү тууралуу кеп кылып келип: “Эки тараптуу негизде да, эл аралык уюмдардын  алкактарында дагы өнөктөштүктү ар тараптуу чыңдоого даярбыз”,- деп баса белгиледи.

Президент Кыргызстан Бангладеш Эл Республикасы менен эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүгө даяр экендигин белгиледи. Ошол эле учурда соода-экономикалык тармакта жана маданий-гуманитардык чөйрөдө кызматташууга, келишимдик укуктук базаны кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бөлүнмөкчү.

Салтанатты жыйынтыктап жатып Президент Түркиянын, Швейцариянын, Жаңы Зеландиянын жана Бангладештин Элчилеринин ишине ийгилик каалап, Кыргызстан менен алардын өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташууну өнүктүрүүдөгү алардын ишмердигинин маанисин белгилеп өттү. “Ардактуу жана жооптуу милдетиңиздерди аткарууда кыргызстандык кесиптештериңердин колдоосуна толук ишенсеңиздер болот. Кең пейил жакшы элибиз бар. Кыргызстан, анын ажайып жаратылышы менен жакындан таанышып, Кыргызстанды биз сыяктуу эле ардактап, урматтап калышыңарга тилектешмин”,- деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Маалымат үчүн:

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге төмөнкү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары Ишеним грамоталарын тапшырды:

  1. Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Метин Кылыч;
  2. Швейцария КонфедерациясынынКыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ренэ Холенштайн;
  3. Жаңы Зеландиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хэмиш Нэвилл Френсис Купер (резиденциясы Москва шаарында);
  4. Бангладеш Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мосуд Маннан (резиденциясы Ташкент шаарында).
2014-жыл 22-январь