Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик кадр кызматынын директору Аалы Карашевди кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 21-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Аалы Карашевди кабыл алды.

Мамлекеттик кадр кызматынын директору Мамлекет башчысын бир катар ведомстволор мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган бир катар жаңылыктарды киргизгендиги, кадрларды кайра даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун туруктуу системасын түзүү боюнча жүргүзүлүп  жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Директор Аалы Карашев ошону менен бирге Мамлекет башчысына мамлекеттик кызматчылардын кирешелери жана мүлкү тууралуу маалыматтардын тактыгын текшерүү жана Кыргызстанда алгачкы ирет киргизилип жаткан декларацияланбаган  мүлктү аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан  иштер  жөнүндө айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик кызматчылардын потенциалын жогорулатууга жана алардын кесиптик ишмердигин өнүктүрүүгө багытталган иштерди улантуунун зарылчылыгын баса белгиледи. Мамлекет башчысы  мамлекеттик кызмат кесипкөй жана ырааттуу болууга, ал эми көрсөтүлүп жаткан мамлекеттик кызматтардын сапаты кыйла жакшыртылууга тийиш экендигин белгиледи.

2014-жыл 21-январь