Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүн реформалоо боюнча кеңешме өткөрдү

Бүгүн, 2014-жылдын 20-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүнКуралдуу Күчтөрүн реформалоо боюнча кеңешме өткөрдү.

Мамлекет башчысына өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттырууга жана анын Куралдуу Күчтөрүнүн негиздерин чыңдоого багытталган Куралдуу Күчтөрдү реформалоонун жүрүшү тууралуу маалымат берилди. Реформа  ошону менен бирге аскерди куралдандырууну жакшыртууну жана модернизациялоону, аскердик башкаруунун борбордук органы - Генералдык штабды түзүүнү кошо камтыйт.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу жана мамлекеттин мыкты аскер уюмун түзүү үчүн Куралдуу Күчтөрдүн реформасынын маанисин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн реформасы 2013-2017-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын негизги  милдеттеринин бири болуп саналаарын белгиледи.

Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Токон Мамытов, Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысы Бейшенбай Жунусов, Кыргыз Республикасынын коргоо министри Таалайбек Өмүралиев, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Бусурманкул Табалдиев, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Райымберди Дүйшөнбиев, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу Улуттук гвардиянын командачысы Асанбек Алымкожоев катышышты.

 

2014-жыл 20-январь