Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Эл аралык кризистик топтун президенти Луиза Арбурду кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 17-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Эл аралык кризистик топтун (ICG) президенти Луиза Арбурду кабыл алды

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы Кыргызстандагы социалдык-экономикалык жана ички саясый кырдаал тууралуу айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев  менен Эл аралык кризистик топтун президенти Луиза Арбур ошону менен бирге Афганистандан коалициялык аскерлерди алып чыгууну эске алуу менен Борбордук Азия регионундагы коопсуздук маселелерин талкуулашты.

2014-жыл 17-январь