Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын интеграциялык бирикмелерге катышуу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү

 

Бүгүн, 2014-жылдын 17-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн интеграциялык бирикмелерге катышуу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев менен экономика министри Темир Сариев Мамлекет башчысына Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна кирүү боюнча «жол картасын» иштеп чыгуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында  маалымдашты.

 

2014-жыл 17-январь